Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:08

Грузиянын күч түзүмдөрү куралдуу топтун изине түштү


Коргоо министрлиги жана Ички иштер министрлигинин бөлүмдөрү куралданган диверсанттардын тобун кармоо боюнча операцияны улантып жатышат. Аталган топ Грузиянын Орусия менен чектеш аймагына жакын жердеги Телав районунун он чакты тургунун барымтага алган. Расмий эмес маалыматтар боюнча, бир диверсант өлтүрүлүп, эки тараптан тең жараат алгандар бар.

Ошондой эле барымтадан Лапанкури айылынын беш тургуну бошотулган. Ушул тапта куралдуу топ Лапот суусуна жакын жердеги капчыгайда жашынып, барымтадагы калган адамдарды кармап турат.

Аскердик аракеттер жүрүп жаткан аймакка премьер-министр Вано Мерабишвили келип, күч түзүмдөрү менен шашылыш жыйын өткөргөнү кабарланууда.

XS
SM
MD
LG