Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:22

Токтонасыров беларус элчилигинин алдында каршылык акциясын улантат


7-апрель кыймылынын лидери Өндүрүш Токтонасыров “Азаттыкка” акциянын маанисин жөнүндө буларды айтты:

- [Беларус] Элчиликтегилер “ии кыргыздар келип айнектерди талкалап, өкүрүп-бакырып кетип калды” деп ойлоп калышы мүмкүн. Ошондуктан мен намыс үчүн позициямда турам. Бул жолу ак-кара түстөгү шайтандын кийимин кийип, элчиликтин алдында ары-бери басам.

Өндүрүш Токтонасыров беларус бийликтери өз аймагында жүргөн Бакиевдерди Кыргызстанга өткөрүп бербей жаткандыгына 4-ирет нааразылык билдирип акцияга чыгууда. 28-августта Бишкектеги Беларус элчилигинин алдына нааразылыкка чыккан “Мекен шейиттери”, “Айкөл Ала-Тоо” бирикмелеринин өкүлдөрү имараттын айнектерин талкалап, тегерек-четиндеги тосмолорду сындырганга аракет кылышкан. Элчилик милицияга кайрылып, тартип бузгандарга чара көрүүнү суранган. (AKu)

XS
SM
MD
LG