Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:08

Орус-грузин чек арасында операцияда 11 согушкер өлтүрүлдү


Грузиянын Ичики иштер министрлиги шаршембиде орус-грузин чек арасында болгон атайын операцияда 11 согушкер өлтүрүлгөнүн билдерт:

“Атайын операция маалында атайын кызматтын 3 жоокери набыт, дагы үчөө жарадар болду. 11 террорчу өлтүрүлдү”, - деп билдирди Грузиянын ички иштер министринин орун басары Шота Хизанишвили.

Чек аранын Дагестан тарабындагы барымтадагылар бошотулгандыгы кабарланган. Азырынча алардын так саны айтыла элек.

Укук коргоо органдарынын маалыматы боюнча куралдуу топ Грузиянын аймагына Дагестандан өтүп, ондогон тургундарды барымтага алган. Грузиянын атайын кызматтары тик учактар менен Дагестан тараптагы Лопота капчыгайын бөгөп, куралдуу топ менен атышкан. Грузиянын самбо боюнча машыктыруучусу, дүйнөнүн 2 жолку чемпиону Арчил Чохели набыт болгону айтылууда.

XS
SM
MD
LG