Мындай маалыматты апрель окуясында жабыр тарткандардын жактоочусу Осунбек Жамансариев билдирди. Анын айтымында, сот ишинин 80% бүтүп, дагы 2-3 айлык иш калган. Бирок УКМКнын мурдагы жетекчиси Мурат Суталиновдун ден соолугуна байланыштуу иш бир жылга - 2013-жылдын июнуна чейин токтотулду.
Жабырланган тарап Суталиновдун ишин өзүнчө бөлүп, жалпы апрель окуясы боюнча сотту улантууну суранган. Бирок сот “иш объективдүү негизде териштирилбей калаарын” жүйө кылып, сот жараянын жылдырды.
Апрель окуясы боюнча айып тагылган 28 адамдын алтоо качып кеткен, үчөө камакта. УКМКнын мурдагы жетекчиси Мурат Суталиновго 7-апрелде элди атууга буйрук бергендердин бири деп айып тагылууда.