Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:40

Денисенко: Элчилик алдындагы окуя – чагымчылдык


Бул тууралуу Беларустун Кыргызстандагы элчиси Виктор Денисенко бүгүн маалымат жыйынында билдирди. Ал элчиликтин алдындагы окуяны уюштургандардын артында кандайдыр бир күчтөр турушу мүмкүн деп эсептейт. Элчинин айтымында, бул окуя эки өлкө кызматташтыгына таасирин тийгизбейт. “Элчиликке ыргытылган таштарды аялдардын сумкасына атайын салып келишип, окуядан соң кайра алып кетишиптир. Бул чагымчылдык эмеспи”, - деди элчи.

28-августта Бишкектеги Беларус элчилигинин алдына Бакиевдерди экстрадициялоону талап кылып нааразылыкка чыккан “Мекен шейиттери”, “Айкөл Ала-Тоо” бирикмелеринин өкүлдөрү имараттын айнектерин талкалап, тегерек-четиндеги тосмолорду сындырганга аракет кылышкан. Милиция окуянын чоо-жайын иликтеп баштады. (КЕ)

XS
SM
MD
LG