Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:39

“Ата-Журт” премьерлик кызмат берилсе гана коалицияга кошулат


Бул тууралуу “Азаттыкка” “Ата-Журт” фракциясынын маалымат катчысы Нургазы Анаркулов кабарлады. “Бизде эки жол болуп атат, өкмөттү жетектөө сунушталса коалицияга кирип, өлкөнү кризистен чыгарып кетүү жоопкерчилигин алабыз же парламенттеги оопозициялык фракция болуп кала беребиз”, - деди ал. Ал эми “Ата-Журт” фракциясынын лидери Садыр Жапаров КСДП коалицияга кирүү боюнча расмий сунуш бербегенин “Азаттыкка” билдирди. Алар оппозицияда калууга даяр.

Социал-демократтар фракциясынын лидери Чыныбай Турсунбеков жаңы коалициялык көпчүлүккө “Ар-намыс”, “Ата Мекен” жана КСДП фракциялары кире турганын билдирген.

Коалиция түзүү мандатын 27-августта президент Алмазбек Атамбаев КСДПга тапшырган. (КЕ)

XS
SM
MD
LG