Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:28

Сириялык козголоңчулар өкмөттүк күчтөрдүн учагын атып түшүргөнүн билдирүүдө


Окуя Идлиб провинциясында болгону айтылууда. Азырынча учкучтун тагдыры тууралуу эч кандай маалымат жок. "Ал-Арабия" телеканалы көрсөткөн видеоматериалда асманда түтүн жана парашют менен түшүп бара жаткан адам тартылып калган.

Human Rights Watch укук коргоо уюму Сирия бийлигин Алепподогу карапайым калкты атканы үчүн айыптады. Ал учурда эл нан алганы кезек күтүп турушкан.

Укук коргоо уюму Алеппого өзүнүн кызматкерин жөнөткөнүн билдирди. Уюмдун маалыматына ылайык, 16-августта ушул сыяктуу атышууда 60 киши набыт болгон.

XS
SM
MD
LG