Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:30

Чоң шаарлардагы айрым жолдор убактылуу жабылат


Кыргызстандын шаарларында Эгемендик майрамына карата иш-чара өтө турган жерлердин тегерегиндеги жолдор бир нече саатка жабылат. Бул тууралуу "Азаттыкка" Ички иштер министрлигинин коомдук коопсуздукту сактоо бөлүмүнүн жетекчиси Турсунбек Чалов билдирди.

Милиция кызматкерлери да майрамдык оюн-зооктор бүткөнгө чейин коомдук коопсуздукту көзөмөлдөп турушмакчы:

- Майрам учурунда көчөдө арак ичип алып, бейбаштык кылып, коомдук тартипти бузган адамдар тууралуу милиция кызматкерлерине кабарлаш керек. Алар бардык жерде турушат.

Коомдук коопсуздукту көзөмөлдөөгө Ички иштер министрлигинин 8 миңдей кызматкери тартылды. Кыргызстан эгемендүүлүктүн 21 жылдыгын белгилеп жатат.(AKu)

XS
SM
MD
LG