Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:28

Кыргызстандагы эң бийик байрак көтөрүлдү


Бүгүн Чүй облусундагы Байтик айылында Боз-Бөлтөк тоосунда чоң байрак көтөрүлдү. Аземге президент Алмазбек Атамбаев катышты. Желек жерден 75 метр бийиктикте көтөрүлүп турат. Туунун туурасы 15, ал эми узундугу 22,5 метр. Түркияда даярдалган байрактын салмагы 50 килограмм. Туу көтөрүү демилгеси өкмөт башчынын милдетин аткаруучу Өмүрбек Бабановго таандык. Байракка жалпысынан 8 миллион сом сарпталган, бирок мамлекет казынасынан каражат коротулган эмес.

Кыргызстан бүгүн Эгемендик күнүн белгилеп жатат. Өлкө көз карандысыздыкка 21 жыл мурун – 1991-жылы, 31-августта жеткен. (EBM)

XS
SM
MD
LG