Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Март, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 14:09

Дагестанда кулчулуктан качып чыккан кыргызстандык табылды


Бул тууралуу Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги кабарлады. Ага ылайык, Дагестанда кулчулуктан качып чыккан кыргызстандык жаран Орусиянын Астрахань облусунда жергиликтүү тургундардыкында башпаанектеп жашырынып жүргөн.

Ош облусунун Араван районунун 32 жаштагы бул тургуну кечээ Астрахандан Москвага алынып келди. Учурда элчиликтин жана аталган облустагы кыргыз диаспорасынын көмөгү менен мекенине жөнөтүлгөнү жатат. Бул факт боюнча күнөөлүүлөрдү жоопко тартуу өтүнүчү Орусиянын тиешелүү органдарына жөнөтүлдү. (EBM)

XS
SM
MD
LG