Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:10

Израилдин абактарында палестиналык айыпкерлер тополоң салды


Өлкөнүн түндүгүндөгү "Кциот” түрмөсүндө террорчулукка айыпталып, жазасын өтөп жаткан 300 киши тополоң чыгарды. Абактын жетекчилиги түрмөлөрдүн башкармалыгына жардам сурап кайрылды. Кошумча күчтөр жиберилип, абакты полиция курчоого алды.

"Сахароним” абагында болсо Африканын Эритрея мамлекетинен Израилге мыйзамсыз келген 500 адам каршылык көрсөтүп, камераларына кирүүдөн баш тарткан. Алар израил бийликтерине Эритреяга депортация кылуу үчүн абакка салып салганына нааразы.

XS
SM
MD
LG