Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Январь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 01:16

Лондондо Паралимпиадада Эсен Калиев бүгүн мелдешке чыгат


Оордук көтөрүүчү, эл аралык спорт чебери, майып балбан Эсен Калиев мелдешке бүгүн чыгат. Калиев Паралимпиада оюндарга Кыргызстандын атынан жалгыз катышууда. Таймаш Бишкек убактысы боюнча кечки саат 8де башталат.

29 жаштагы Калиев 2003-жылдан бери спорт менен машыгат. Ал 12 жолу Кыргызстандын чемпиону аталып, 7 ирет өлкөнүн рекордун жаңырткан. 52 килограммдык салмакта күч сынашып, эл аралык мелдештерде мөөрөй алып жүрөт.

Лондондо 29-августта башталган Паралимпиада оюндары 9-сентябрда жыйынтыкталмакчы. Ага 160тан ашуун өлкөдөн 4 миңден көп майып спортчу катышып жатат. (EBM)

XS
SM
MD
LG