Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:34

Келерки жылда Оштогу мугалимдерден коммуналдык төлөмдөр алынбайт


2013-жылдан тарта Ош шаарындагы мектептерде иштеген мугалимдер коммуналдык төлөмдөрдү аткарышпайт. Ал үчүн жергиликтүү бийлик каражат бөлөт.

Бул тууралуу “Азаттыкка” Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын жетекчиси Гүлай Машрапова билдирди. Анын айтымында, мындай сунушту 30-августта өткөн мугалимдердин августтук кеңешмесинде калаа башчысы Мелис Мырзакматов киргизген.

“Демилгени шаардык кеңештин депутаттары кодоого аларын айтышып, жакын арада сессияда эл өкүлдөрү бул боюнча чечим кабыл алууга убада беришти”, - деди Машрапова.

Мугалимдердин коммуналдык төлөмдөрү үчүн шаардык бюджеттен 18 миллион сом бөлүнөт. Ош шаарындагы мектептерде 3112 мугалим эмгектенет. (SE)

XS
SM
MD
LG