Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:16

Жаратылышты коргоо прокуратурасы түзүлүшү мүмкүн


Ысык-Көл облустук проркуратурасы көлдүн экологиясын сактоо боюнча мыйзамдардын аткарылышын текшерди. Анда бир катар кемчиликтер аныкталып, Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча малмекеттик инспекциянын аймактык бөлүмүнө кат жолдонду.

Башкы прокуратурадан кабарлашкандай, көл жээгине салынган 8 парилка, башкача айтканда, дене тердетүүчү жай катталды. Учурда мындай жайларды ачуу үчүн берилген уруксат кагаздардын мыйзамдуулугу териштирилип жатат. Башкы прокуратура жыл аяктаганга чейин жаратылышты коргоо прокуратурасын ачууну караштырууда. (EBM)

XS
SM
MD
LG