Шотландияда балыкчылар 98 жылдан бери ичиндеги каты менен сууда калкып жүргөн айнек шишени таап алышты. Бийликтер бул шише 1914-жылы деңиз изилдөөчүлөр сууга таштаган 1890 шишенин бири экендигин бышыктады. Ал акция Шотландиянын айланасындагы деңизде суу кандай багытта жылып тураарын аныктоо үчүн жүргүзүлгөн. Шишедеги катта аны тапкан киши алты пенс тыйын сыйлык алары жазылган, бирок бүгүн Британияда андай тыйын айлантууда жок болгондуктан балыкчы Эндрю Липер кур кол калды.