Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:43

Паралимпиадада медалдардын көбүн Кытай алып жатат


Лондондо башталган майып спортчулардын мелдешинин биринчи күнүндө кытайлыктар 15 медал, анын ичинде алты алтын медал алышты. Кечээ ошондой эле Австралия тогуз медал менен экинчи орунга чыкты. Аларга куйрук улаш Британия менен Украина экиден алтын медалга ээ болду. Украиндер бардыгы болуп сегиз медал тагынышты.

Кыргызстандан Эсен Калиев ушул тапта 52 килограмм салмактагылардын тобунда күч сынашууда. Оордук көтөрүү боюнча эл аралык спорт чебери Паралимпиада оюндарында Кыргызстандын атынан жалгыз катышып жатат. Таймаш Бишкек убактысы боюнча сегизде башталды. Калиевдин тобунда Филипинден, Кубадан, Түркмөнстандан, Таиланддан, бардыгы болуп беш балбан ат салышууда.

29 жаштагы Калиев 12 жолу Кыргызстандын чемпиону болуп, 7 ирет өлкөнүн рекордун жаңырткан, ал эл аралык мелдештерде да мөөрөй алып жүрөт.

Лондондо 29-августта башталган Паралимпиада оюндары 9-сентябрда жыйынтыкталмакчы. 11 күн ичинде 160тан ашуун өлкөдөн 4200 балбан спорттун 20 түрү боюнча ат салышат. Майып араба менен ойнолуучу баскетбол, атуу, сүзүү, велосипед жана башка мелдештерди көрүүгө 2 миллион 400 миңден ашык киши билет сатып алды.

XS
SM
MD
LG