Түштүктөгү Кандагар дубан акиминин маалымат катчысы билдиргендей, 12 жаштагы баланы шаршемби күнү уурдап кетишкен. Ошол эле күнү анын кесилген башы денесинин жанында табылды. Баланын агасы талиптерге каршы күрөшкөн жергиликтүү ыктыярдуулар тобунун мүчөсү. "Талибан" кыймылынын маалымат катчысы бул окуяга талиптердин тиешеси жок экендигин билдирди.
Анын аралыгында чыгыштагы Каписа дубанында алты жаштагы кыздын башы кесилгени кабарланды. Кызды өз үйүндөгүлөр же талиптер өлтүргөнү белгисиз. Үстүдөгү аптада белгисиз адамдар түштүктөгү Хелманд дубанында отурушта ырдап-бийлеген 17 улан-кыздын башын кесип кетишкен. Анда да "Талибан" ал кыргынга тиешеси жок экендигин маалымдаган.