Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:07

Борис Березовский Роман Абрамовичке сотто утулду


Орусиялык олигарх Борис Березовский Лондон сотунда мурдагы шериги жана орусиялык бизнес дөө-шаасы Роман Абрамовичке каршы көп миллиард долларлык сот ишин уттуруп койду.

Лондондун Жогорку Сотунун судьясы Элизабет Глостер Британияда сүргүндө жашаган 66 жаштагы Березовскийдин Британияда "Челси" футбол клубуна ээлик кылган, бирок Орусияда жашаган 45 жаштагы Роман Абрамович 6 миллиард доллар төлөп берсин деген арызын четке какты.

Соттон кийин кабарчыларга сүйлөгөн сөзүндө Березовский соттун чечимин Орусиянын президенти Владимир Путин өзү буйруган деген кыязда сүйлөдү:

Мен абдан капа болдум, бирок айрыкча таң калдым. Британияда 11 жыл жашап, буга чейин да соттошком. Бирок бүгүн күсоттун чечими орус президентинин администрациясы тарабынан жазылгандай таасир калтырды.

Березовский Абрамовичти "коркутуп, Орусиядагы "Сибнефть" мунай компаниясындагы акцияларын саттырган, "Русал" аллюминий ишканасындагы акцияларды өзү билгендей сатып салган" деген айыптар менен сотко берген.

XS
SM
MD
LG