Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:59

Эсен Калиев Лондондогу паралимпиадага катышты


Лондондо өтүп жаткан паралимпиадада Кыргызстандан Эсен Калиев 52 килограмм салмактагылардын тобунда күч сынашты. Оордук көтөрүү боюнча эл аралык спорт чебери майып спортчулар оюндарында Кыргызстандын атынан жалгыз болду.

Калиевдин тобунда 10 балбан ат салышып, кытайлык биринчи орунду алды. Мелдештин жыйынтыгын бул жерден көрө аласыз.

Лондондо ушул шаршембиде башталган Паралимпиада оюндары 9-сентябрда жыйынтыкталмакчы.

11 күн ичинде 160тан ашуун өлкөдөн 4200 балбан спорттун 20 түрү боюнча ат салышат.

Майып араба менен ойнолуучу баскетбол, атуу, сүзүү, велосипед жана башка мелдештерди көрүүгө 2 миллион 400 миңден ашык киши билет сатып алды.

jch

XS
SM
MD
LG