Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:34

Бүгүн – Билим күнү


Бүгүн жалпы өлкө боюнча 2204 жалпы билим берүүчү жана 59 менчик мектеп жаш жеткинчектерге эшигин ачты. Бардык мектептерде алгачкы коңгуроо кагылып, балдар “Үй-бүлө, тынчтык, сабырдуулук жана достук” сабагын окуу менен жаңы окуу жылын башташты.

2012-2013-жаңы окуу жылында Кыргызстанда жүз бир миң бала алгачкы жолу мектеп босогосун аттады. Билим берүү министрлигинин маалыматына караганда, быйылкы жылы мектепке кирген жеткинчектердин саны өткөн жылга салыштырмалуу көбөйгөн. Борбор калаа Бишкекте сегиз миң бала үчүн биринчи коңгуроо кагылды. (ZKo)

XS
SM
MD
LG