Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Октябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 03:52

Быйылкы окуу жылында мектептерге 600 мугалим жетишпейт


Билим берүү министрлигинин маалыматы боюнча көбүнчө так илимдерди окутуучу мугалимдер жетишсиз. Министрликтен билдиришкендей, быйыл жогорку жана атайын окуу жайлардын бюджет бөлүмдөрүн аяктаган 1650 улан-кыз мектептерге ишке орноштурулуп, 15-августтан тартып иштей башташты. Министрлик жетишпеген мугалимдердин ордун жогорку окуу жайларды акы төлөп окуп бүтүргөн адистер менен толуктоону көздөөдө.

Кыргызстандагы мектептерде 74 миң мугалим окуучуларга билим берет.(ZKo)

XS
SM
MD
LG