Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:53

Өмүрбек Бабанов өкмөт башчылыктан кетти


Премьер-министрдин милдетин аткаруучу Өмүрбек Бабановду берген арызына ылайык президент Алмазбек Атамбаев өкмөт башчынын милдетин аткаруудан бошотту. Бул тууралуу жарлыкка мамлекет башчы бүгүн кол койгону жөнүндө маалыматты президенттин басма сөз катчысы Кадыр Токтогулов “Твиттер” социалдык тармагы аркылуу таратты.

Өмүрбек Бабанов КР өкмөт башчысы кызматына өткөн жылдын соңунда “Биримдик” коалициясы аркылуу келген эле. Аталган коалиция курамындагы “Ата Мекен”, “Ар-намыс” фракцияларынын өкмөткө ишеним көрсөтпөө демилгесинин натыйжасында 22-августта тараган. (ZKo)

XS
SM
MD
LG