Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:33

Ош облусу 321 мугалимге муктаж


Ош облусундагы мектептерде 321 мугалим жетишпейт. Бул тууралуу "Азаттыкка" облустук администрациянын билим берүү, жаштар саясаты жана спорт бөлүмүнүн башчысы Гүлмира Турдубаева билдирди. Анын айтымында, быйыл физика, химия, математика жана дене тарбия сабактарынан окуткан адистер аз болууда.
Билим берүү министрлигинин маалыматы боюнча өлкөдө 600 мугалим жетишсиз болсо, анын жарымынан көбү Ош облусуна таандык.

Учурда аймактагы 529 мектепте 17 миңден ашуун мугалим эмгектенет. (SE)

XS
SM
MD
LG