Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:31

АКШ президенти: Ооганстанда "оор уруштар" дагы алдыда


Барак Обама бул тууралуу Техас штатындагы Форт Блисс аскерий базасында Ирактагы согуштук операция аяктагандыгынын эки жылдыгына арналган иш-чарада айтты.

Ооганстанга жөнөп жаткан аскерлерге кайрылган Обама алар алдыдагы “өтө оор уруштарга” бет келип жатканын белгилеп, бирок Ирак сыяктуу эле бул жердеги согушту “жоопкерчиликтүү” бүтүрүүнү убада кылды:

- Биздин союздаштарыбыз жана өнөктөштөрүбүз менен бирге 2001-жылдын 11-сентябрынан бери “ал-Каиданын” башкы террорчуларын эң көп жок кылдык. Биздин күчтөрүбүздүн каармандыгынан улам “ал-Каиданы” жеңүү жолунда баратабыз. Усама бин Ладен эми АКШга эч убакта коркунуч туудурбайт. Андыктан жаңылбагыла, согуштарды жоопкерчилик менен аяктоо бизди коопсузураак, биздин күчтөрдү кубаттуурак кылат. Бул согуштарды аяктоо мындан сырткары АКШнын лидерлигин калыбына келтирет. Эгер кимдир бирөө АКШ артка кетүүдө, биздин таасир басаңдоодо де айтууга аракеттенсе ишенбегиле.

Барак Обама бул сөздөрү менен азыр Ак үй үчүн күрөшүп жаткан аттандаштары Митт Ромни менен анын өнөгү Пол Раяндын айыптоолорун четке какты. (UE)

XS
SM
MD
LG