Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Ноябрь, 2023-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 21:58

Башкаруучу коалицияга "Ата Мекен", "Ар-намыс", Социал-демократтар кирет


Парламенттеги Социал-демократтар фракциясынын башчысы Чыныбай Турсунбековдун журналисттерге маалымдаганы боюнча үч фракциядан турган коалиция түзүлдү. Анын айтымында, “Ар-намыс”, Социал-демократтар жана “Ата Мекен” коалицияга мүчө болуп кирди, ал эми "Республика" фракциясы азырынча коалицияга кошулар-кошулбасы белгисиз. Бирок аталган фракциянын Канат Исаев баш болгон бир нече мүчөлөрү көпчүлүк коалицияга кире тургандыгын Чыныбай Турсунбеков кошумчалады.

Өткөн жылдын соңунда “Ата Мекен”, “Ар-намыс”, “Республика” жана Социал-демократтар фракцияларынан куралган “Биримдик” коалициясы “Ата Мекен”, “Ар-намыс” фракцияларынын өкмөткө ишеним көрсөтпөө демилгесинин натыйжасында 22-августта тараган. (ZKo)

XS
SM
MD
LG