Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетине караштуу Чек ара аскерлеринин башчысынын 1-орун басары – Башкы штабдын жетекчиси Рыскелди Мусаев жана орун басары Таалайбек Адашпасов кызматынан бошотулду. Бул тууралуу жардыкка президент Алмазбек Атамбаев бүгүн кол койду.
Мамлекет башчынын дагы бир жардыгы менен Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетине караштуу Чек ара аскерлеринин командачысынын 1-орун басары - Башкы штаб башчысы болуп Искендербек Мамбеталиев, орун басарлыгына Акылбек Арстанбеков дайындалды. Бул тууралуу президенттин маалыматтык саясат бөлүмүнөн кабарлашты. (ZKo)