Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:16

Орусия Асаддан аскерлерди шаарлардан чыгаруусун күтүү “аңкоолук” деп эсептейт


Бул тууралуу орус тышкы иштер министри Сергей Лавров бүгүн Москвада, Эл аралык мамилелер институтунун студенттери менен жолугуу учурунда айтты:

- Сирия режимине кандай караган күндө деле, шаарларда уруш жүрүп жаткан кырдаалда мындан чыгуунун жалгыз жолу - урушуп жаткан тараптардын биринин бир тараптуу багынып берүүсү деп айтуу таптапкыр мүмкүн эмес.

Орусия жана Кытай буга чейин Улуттар уюмунда Батыш жана араб өлкөлөрүнүн Сирия президенти Башар Асаддын режимине көбүрөөк кысым көрсөтүүнү караган резолюцияларына вето салган.

Бул аралыкта Сирияда уруштар уланууда. Оппозиция активисттеринин ырастоосунда, козголоңчулар кечээ Алеппо провинциясында аскерий аба бекетке кол салып, үч учакты талкалашкан.

Өкмөттүк маалымат каражаттар болсо аскерлер Алеппонун чет жакасында “белгисиз террорчуларга” каршы контрчабуулга киришкенин кабарлады. (UE)

XS
SM
MD
LG