Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Апрель, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 07:52

“Ата Мекен” фракциясы Сатыбалдиевдин талапкерлигин колдоду


Бул тууралуу “Азаттыкка” Жогорку Кеңештин депутаты, фракциянын мүчөсү Бактыбек Калмаматов билдирди. Анын айтымында, өкмөт башчылыкка Социал-демократтар фракциясы сунуштап жаткан президенттин азыркы аппарат башчысы Жантөрө Сатыбалдиевдин талапкерлигин “Ата Мекен” фракциясы бир добуштан колдоого алды:

- Биз бул кадамды Жантөрө Сатыбалдиевди идеалдуу талапкер катары көргөндүктөн эмес, өлкөдөгү азыркы саясий кырдаалга жараша жасадык. Биз үчүн талапкердин программасынан да өзүнүн саясий эрки жана мамлекетке көз карашы биринчи орунда турат, ошондуктан башкаруучу коалицияда турганыбызга карабай, элге каршы келген саясаттарды колдобойбуз.

Өкмөт башчылыкка президенттин азыркы аппарат башчысы Жантөрө Сатыбалдиевдин талапкерлиги коалиция куроо мандатын алган Социал-демократтар фракциясы тарабынан сунушталган. Коалицияга кирүүгө макулдугун берген “Ар-намыс” фракциясы Сатыбалдиевдин талапкерлигин колдогон.

Мыйзам боюнча өкмөт башчылыкка талапкер парламенттин жалпы отурумунда депутаттардын добушуна коюлат. (ZKo)

XS
SM
MD
LG