Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Июнь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 23:29

Сирияда өкмөттүк учактар Алеппо шаарына сокку урду


Оппозиция активисттеринин айтымында, өкмөт өлкөнүн эң ири шаарынын козголоңчулардын колунда турган аймактарына сокку урууда аскерий учактарды ашыкча колдонууда.

Ишембиде Алеппого учактар бомба ташташса, жердеги аскерлер минемёттон аткылашкан.

Активисттердин ырастоосунда, ишембиде козголоңчулар өлкө чыгышында, Ирак менен чек арага жакын ал-Букамал шаарчасынан өкмөттүк күчтөрдүн абадан коргонуу жайын ээлеп алган.

Ишембиде алжирлик ардагер дипломат Лахдар Брахими БУУнун Сирия боюнча атайын чабарманы кызматына киришти.

Бул аралыкта Орусия тышкы иштер министри Сергей Лавров тышкы күчтөрдүн президент Орусия Асаддан аскерлерди шаарлардан ок атышууну экинчи тарап токтото электе эле чыгаруусун күтүүсү “аңкоолук” деп билдирди.

Сергей Лавров бул тууралуу Москвада, Эл аралык мамилелер институтунун студенттери менен жолугушуу учурунда айтты.

Активисттердин эсептерине караганда, Сирияда жаңжал башталган былтыркы жылдын март айынан бери 20 миңден ашуун кишинин өмүрү кыйылган. (UE)

XS
SM
MD
LG