Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:42

Ысык-Көлдө 5 гектардан ашык токой өрттөнүп кетти


Бул тууралуу “Азаттыкка” өзгөчө кырдаалдар минисрлигинин Ысык-Көлдөгү башмармалыгынан билдиришти. Маалыматка ылайык, Түп районунун Сан-Таш айыл өкмөтүнө жакын жайгашкан Солдат капчыгайында 5 гектарга жакын токой жана 50 гектарга жакын жайыт өрттөнүп кетти.

Өрт 31-августта эртең менен тутанган, аны өрт өчүрүүчүлөр жана жергиликтүү тургундар азыркыга чейин өчүрө албай жатышат. Мындан улам өрт коңшу Казакстандын аймагын да каптай баштады.

Учурда өрттү өчүрүүгө 220 киши аракет кылып жатышат. Тилсиз жоо кулачын жайган жер тоолуу аймак болгондуктан өрт өчүрүүчү атайын унааларды колдонууга мүмкүн болбой жатат. Казакстан атайын өрт өчүрүүчү тик учак бөлүп берип, өрттү өчүрүүгө көмөктөшүүдө.

Өрттүн чыгуу себептери такталууда. Алдын-ала маалыматтар боюнча, өрт кимдир-бирөөнүн шалаакылыгынан улам тутанган. (BkA)

XS
SM
MD
LG