Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Февраль, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:03

Армения Азербайжан менен “согушууга жана жеңүүгө” даяр


Бул тууралуу армян президенти Серж Саркисяндын бүгүнкү билдирүүсүндө айтылат. Анда белгиленгендей, Армения согушту каалабайт, бирок коңшу Азербайжан жаңжалды “таңуулай турганын” жокко чыгарбайт.

Армян президентинин бул билдирүүсү Азербайжандын азыр этникалык армяндар көзөмөлдөгөн Тоолуу Карабах чөлкөмү бүгүн көз карандысыздык күнүн майрамдап жатышына тушташ чыкты.

Билдирүү ошондой эле 2004-жылы НАТОнун окуусу учурунда армян офицерин өлтүргөн азербайжан офицери Венгриядан мекенине экстрадицияланып, эркиндикке чыгарылгандан эки күндөн кийин жасалып олтурат.

Венгрия өмүр бою түрмөгө кесилген офицерди Азербайжанга өткөрүп бергенине нааразы болгон жүздөгөн армяндар ишембиде Венгриянын Еревандагы консулдугу астына келишип, бул өлкөнүн желегин өрттөшкөн. (UE)

XS
SM
MD
LG