Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:58

Мектептеги сабактардын видеокурсу чыкты


Кыргызстанда билим берүү долбоору мектепте окутулчу 12 сабак боюнча видеокурстарды жаздырды. Бул тууралуу “Азаттыкка” долбоордун интернет технологиялар боюнча тренери Тынчтыкбек Жанадылов билдирди.

Кыргыз тилиндеги видеокурстар интернетке жайгаштырылат, аны бекер көрүүгө болот. Интернет жетпеген айыл мектептерине дисктерге жаздырылып таркатылат. 8-класстан 11-класска чейинки окутуу программасын камтыган 720 видеосабак тууралуу Тынчтыкбек Жанадылов айтып берди:

- Кадимки тактайга жазып жаткандай болуп видеодо тактайга ар кайсы түс менен жазылат. Мугалимдин сөздөрү угулуп, жазуусу көрүнүп турат. Мисалы, география сабагы болсо, карта, башка сабактардан сүрөттөр, формулалар менен түшүндүрүлөт.

Видеокурсту түзүүгө мектеп мугалимдери катышкан. Ар бир сабактан маанилүү деп эсептелген 60тан тема алынды. (AKu)

XS
SM
MD
LG