Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:19

Египетте сыналгыда аялдардын жоолукчан чыгуусуна тыюу салуу жоюлду


Египетте телевидениде аял алып баруучулардын хижаб кийип чыгуусуна тыюу салган эреже жоюлду. Жекшембиде соңку 50 жылда алгачкы ирет мамлекеттик телеканалдын алып баруучусу Фатма Набиль жаңылыктарды хижабчан отуруп окуду. Андан соң алып баруучу Би-би-си каналына «Акыры ыңкылап мамлекеттик сыналгыга чейин жетти” деп билдирди.

“Мусулман агайиндер” кыймылыны тарапкерлери түзгөн жаңы өкмөт мындай чечимди египеттик аялдардын 70% такай жоолукчан жүргөнү менен түшүндүрдү.

Сыналгыда аялдардын баш кийимчен чыгуусуна тыюу салган бейрасмий эреже 2011-жылдын февралында бийликтен күч менен кулатылган экс-президент Хосни Мубарактын тушунда өкүм сүргөн.

XS
SM
MD
LG