Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:19

Президент Саакашвили армияда кызмат өтөгөндөрдүн окуусун мамлекет төлөөрүн убада кылды


Жаштарды армияды кызмат өтөөгө кызыктыруу үчүн мындай жаңы демилгени Грузиянын президенти Михаил Саакашвили Абхазия менен чек ара аймакта өткөн студенттердин Анаклия лагеринде туруп айтты.

Саакашвилинин айтуусунда, эгерде мектептин бүтүрүүчүсү жалпы республикалык тестти ийгиликтүү аяктагандан кийин эки жыл армияда кызмат кылса, анда мамлекет анын жогорку окуу жайдагы жана магистратурада окуу акысын төлөйт. Көз карандысыз эксперттердин айтуусунда, Грузияда армияга чакырылгандардын саны жылына 100% кем эмес, ал эми президенттин жогорудагыдай демилгеси армияда кызмат өтөөнүн баркын көтөрүү жана ага билимдүү жаштарды тартуу. Ошондой эле демилге ишке ашса, анда тартыш үй бүлөдөн чыккан балдардын эң мыкты окуу жайларда билим алуусуна шарт түзөт.

Грузин армиясы негизинен контрактык негизде түзүлгөнү менен аскерге чакыруу системасы дагы иштейт. Ошол эле учурда 1200 доллар төлөп, аскерде кызмат өтөө мөөнөтүн кечеңдетсе болот.

XS
SM
MD
LG