Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:43

FIDH: Шанхай кызматташтык уюму адам укуктарын бузган «машине»


Укук коргоочу топторду бириктирген эл аралык уюмдун бүгүн жарыкка чыккан баяндамасында Шанхай кызматташтык уюму "адам укуктарын бузган машине” деп сындалат.

Парижде жайгашкан Адам укуктарынын эл аралык федерациясынын (FIDH) көз карашында, Орусия, Кытай, Борбор Азия өлкөлөрү ШКУнун алкагындагы укуктук келишимдерди эл аралык укук коргоочулардын ишин көңүл сыртында калтыруу үчүн колдонот.

Жаңы жарыкка чыккан баяндама уюмга мүчө өлкөлөрдү “авторитардык бийлик орногон же адам эркиндигин катуу чектейт” деп сындайт. Баяндамада негизинен террорчулук жана экстремисттик ишмердүүлүгү үчүн айыпталып, башка мамлекеттен баш паанек сурагандарды кайра өз өлкөсүнө өткөрүп берген мисалдар келтирилген.

2001-жылы курамына Орусия, Кытай, Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан жана Өзбекстан кирген Шанхай кызматташтык уюмунун уставында бардык мүчө мамлекеттер адам укуктарын коргоо багытында чогуу кызматташат деп жазылган.

XS
SM
MD
LG