Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 17:38

Кендер боюнча аукционду үзгүлтүккө учураткандар абактан бошотулду


Бул тууралуу “Азаттыкка” адвокат Мукар Чолпонбаев кабарлады. 31-августта Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери кендер боюнча аукционду үзгүлтүккө учураткан акциянын катышуучулары Карыпбек Серенов, Эргалай Бекмуратова, Асан Жаксыбек жана Кубат Токсобаевди кармап кеткен. Алардын үчөө ошол эле күнү коё берилип, бирөө кечээ бошотулду. Чолпонбаевдин айтымында, Серенов өлкөдөн чыкпоо кепилдиги менен, ал эми Бекмуратова үй камагына чыгарылды. Алар “бейбаштык” беренеси боюнча айыпталууда.

28-августта Коомдук телерадио корпорациясынын аукцион өтчү залына 40ка чукул коомдук активист кирип барып, инвесторлорду кубалап чыккан.

Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин билдиришинче, аукционго коюлган 12 кен үчүн Түркия, Орусия, Польша жана Кытайдын 48 компаниясынан арыз түшкөн. Агенттик аукцион кийинкиге жылдырылганын билдирди. (КE)

XS
SM
MD
LG