Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:38

Парламент тарасын дегендер митингге чыкты


Бүгүн Жогорку Кеңешти таратуу боюнча демилгечи топтун 15тен ашуун өкүлү парламенттин алдына нааразылык акциясына чыкты. Алар Жогорку Кеңеш коррупционерлерден куралган дешип, анын мөөнөтүнөн мурда тарашын талап кылып жаташат. Топтун мүчөсү Ырысбай Сарногоевдин айтымында, парламентти таратуу боюнча кезексиз акциялар мындан ары да улана берет.

Буга чейин парламенттин Өмүрбек Текебаев баш болгон айрым депутаттары “парламентти таратууга эч кандай негиз жок” деп айтып келишкен. Бүгүн V чакырылыштагы Жогорку Кеңеш эки айлык тыныгуудан кийин өз ишин аткарууга киришти. (КЕ)

XS
SM
MD
LG