Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:51

“Ар-намыс” өкмөттөгү өкүлдөрүнө добуш берди


Бүгүн Жогорку Кеңештин “Ар-намыс” фракциясы жабык жыйынга чогулуп, өзүнүн өкмөттөгү өкүлдөрүнө мындан ары иштесин, иштебесин деп добуш берди. Добуш берүү жашыруун өттү. Фракция жетекчиси Феликс Куловдун “Азаттыкка” айтымында, 25 депутаттын 18и вице-премьер-министрдин милдетин аткаруучу Гулнара Асымбековага каршы добуш беришти. Ал эми 17 депутат айыл чарба министринин милдетин аткаруучу Аскар Жаныбековду, 13ү каржы министринин милдетин аткарып аткан Акылбек Жапаровду колдогон жок. Куловдун айтымында, бул фракциянын акыркы чечими эмес. Бирок алардын ордуна иштейм деген адамдар талапкерлигин көрсөтүп, резюмесин берсе болот.

Аты аталган өкмөт өкүлдөрү мурдагы министрлер кабинетине “Ар-намыс” фракциясынан барган. (КЕ)

XS
SM
MD
LG