Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:38

Пакистанда америкалык эки дипломат жарадар болду


Бомба чабуулунан АКШнын Пешавардагы консулдугунда иштеген пакистандык эки жаран да жарадар болгонун Кошмо Штаттардын Пакистандагы элчилиги билдирди. Ырасмий маалыматта бул “террордук чабуул” экени, эки америкалык менен эки пакистандык ооруканда дарыланып жатканы белгиленет. Автомобилчен жан кечтинин бомба чабуулунан 19 адам жарадар болгону да айтылууда. Кол салуу Пешавардын мыкты күзөтүлгөн жана дипломаттык кеңселер жайгашкан районунда болду.

Мурда болгон ушундай чабуул үчүн жоопкерчиликти Пакистан талиптери өздөрүнө алган эле. АКШ Мамдепартаментинин өкүлү Виктория Нуленд жанкечтинин чабуулун иликтөөдө Пакистан менен кызматташууга АКШ кызыкдар экенин билдирди.

XS
SM
MD
LG