Облуста мектептерге караганда диний билим берүүчү жайлардын саны артууда. Жергиликтүү бийликтен алынган маалыматта облус аймагында 565 мечит, медресе болсо, алардын 130дан ашууну расмий каттоодон өткөн эмес. Облустун район-шаарларында 474 мектеп иштейт. Каражаттын тартыштыгынан курулушу 2005-2010-жылы башталган жыйырма чакты мектептин имараты бүтпөй турат. Коомчулукта жеке ишкерлер мечиттен көрө мектеп жана башка окуу жайларды курса, өлкө келечегине кам көргөн болоор эле деген пикирлер арбын. (YA)