Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:10

Кыргыз паспортун алууга аракеттенген өзбек жараны кармалды


Мамлекеттик каттоо кызматынан “Азаттыкка” кабарлашкандай, Ош шаарында атын өзгөртүп паспорт алууга аракет кылган Өзбекстан жараны кармалды. Маалыматка караганда, Ош шаарындагы паспорт-виза жана каттоо бөлүмүнө өзүн Исламбек Эргешов деп тааныштарган 22 жаштагы адам кайрылган. Ал өз кезегинде паспорт ала албай калгандыгын билдирген. Текшерүү, териштирүү учурунда кайрылган адам 1989-жылы туулган Өзбекстандын жараны, анык аты Тахик Мамажанов экени аныкталган.

Бул окуя боюнча Ички иштер министрлигинин Уюшкан кылмыштуулукка жана коррупцияга каршы күрөшүү башкармалыгы кылмыш ишин козгоду. Учурда иликтөө, тергөө иштери жүрүүдө. (КЕ)

XS
SM
MD
LG