Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Март, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 06:10

Мусаев менен Таабалдиевдин жоопкерчилигин кароо сунушталды


Бүгүн парламенттин Коопсуздук жана коргонуу боюнча комитети Ак-Суу районундагы Эчкили-Таш чек ара бекетинде болгон окуяны талкуулады. Аталган комитет жетекчиси Токон Мамытовдун “Азаттыкка” айтымында, Коопсуздук кеңешинин катчысы Бусурманкул Табалдиев менен Өкмөт аппаратынын коопсуздукту жана укуктук тартипти камсыздоо бөлүмүнүн башчысы Көлбай Мусаевдин жоопкерчилигин кароо сунушталды. Мамытов буга чейин чек араларга көңүл буруу зарылдыгы бай-байма айтылып келсе да тиешелүү чаралар көрүлбөгөнүн кошумчалады. Бул маселени талкуулого Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет төрагасы Шамил Атаханов да катышты.

20-августта Ысык-Көлдүн Ак-Суу районундагы Эчкили-Таш бекетинде Балбай Кулбарак уулу аттуу чек арачы төрт кызматташын жана алардын бирөөсүнүн аялын атып өлтүргөн. Өзү эртеси колго түшүрүү учурунда окко учкан. (КЕ)

XS
SM
MD
LG