Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
31-Май, 2026-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 05:05

80 чакты адамды алдаган аял кармалды

Уюшкан кылмыштуулук жана коррупция менен күрөшүү башкы башкармалыгы үй алууга жардам берем деп көз бойомочулук менен шугулданган аялды кармады.

“Турак-жай комиссиясынын мүчөсүмүн, тааныштарым аркылуу жаңы салынып жаткан үйлөрдөн батир алып берем” деген жаран 80дей кишини 26 миллион сомго алдаган. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

1973-жылы туулган Нуржан Мамбетова эки айга тергөө абагына алынды, иши тергелип жатат. (AKu)
XS
SM
MD
LG