Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:18

Чүйдө жол кырсыгында үч адам мерт кетти


Чүй облусунун Москва районунда кечээ жол кырсыгында үч адамдын өмүрү кыйылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты.

3-сентябрда таңга жуук Беловодское айылынын Киров көчөсүндөгү Чоң Чүй каналына Мерседес-500 үлгүсүндөгү жеңил унаа түшүп кеткен. Айдоочу Уметов Эльгиз унааны башкара албай калганы кырсыкка себеп болгону айтылууда. Ичиндеги үч жүргүнчү сууга чөгүп каза тапты. Айдоочу өзү аман калган. Ал Чалдыбар айылынын 29 жаштагы тургуну экени аныкталды. (RK)

XS
SM
MD
LG