Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Октябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 00:52

Украин бийликтери Тимошенко менен Луценконун ысымдарын шайлоо бюллетенге киргизбейт


Киевдин аппеляциялык административдик соту бириккен оппозициянын украин Жогорку Радасына партиялык тизме менен шайлоодо бюллетенге Юлия Тимошенко жана Юрий Луценконун ысымдарын киргизүү өтүнүчүн канааттандырган жок.

Оппозиция сотко Борбордук шайлоо комиссиясы экс-премьер-министр менен мурдагы ички иштер министри тарткан айыптын мөөнөтү бүтө электигине байланыштуу шайлоо бюллетенине киргизүүдөн баш тарткан.

Буга чейин бириккен оппозициянын съездинде Тимошенко менен Луценко партиялык тизмедеги биринчи беш кишинин катарына киргизилген болчу. Мурдагы өкмөт башчы Тимошенко 2009-жылы Орусия менен газ келишимин түзүүдө өлкөгө чоң чыгым тарттырган деген айыпка жыгылып, учурда абакта 7 жылдык мөөнөтүн өтөөдө. Мурдагы министр Луценко болсо төрт жылдык кесим менен абакта.

Украинада парламенттик шайлоо 28-октябрда өтөт.

XS
SM
MD
LG