Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Декабрь, 2023-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 13:50

Сокулукта электр кырсыгында бир бала мерт болду


Чүйдүн Сокулук районунда электр кырсыгынан бир баланын өмүрү кыйылды. Бул тууралуу бүгүн "Азаттыкка" "Түндүкэлектр" ишканасынын маалымат катчысы Гуля Мураталиева билдирди. Анын айтымында, баланын туугандары короодогу бактарды кыйып жатканда бир бак электр зымына тийген. Жабыркаган зым илинип калган темир тосмого ошол тегеректе ойноп жүргөн балдар чуркап келе калганда бирөөсүн ток уруп кеткен. Эгер ошол адамдар электр тармагын тейлеген адистерге кайрылса мындай болмок эмес дейт Мураталиева:

Балдардын бирөө зым торду кармаганда токко тартылып каза болду. Эгер ошол адамдар адистерге кайрылса токту ажыратып, керек болсо зымды жерге тушүрүп беришмек.

Адистер электрге байланыштуу иш жасоодо сөзсүз тиешелүү мекемеге кайрылуу керек экенин эскерет. (RK)

XS
SM
MD
LG