Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:19

Баткен: Кыргыз-тажик чек арасында тирешүү азайды


Баткен облусунда кыргыз-тажик чек арасында эки өлкөнүн жарандарынын ортосунда катталган тирешүүлөр саны быйыл төрт эсе кыскарды. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлүнүн укук коргоо жана коргонуу боюнча орун басары Саитжан Эратов билдирди.

Анын айтымында, Баткен облусунун Тажикстан менен чектешкен аймактарында өткөн жылга салыштырганда жергиликтүү тургундардын тирешүүлөрү 32ден 8ге кыскарып, быйыл чек арадагы абал кыйла жөнгөрүлгөн. Ошол эле учурда Өзбекстан менен чек арадагы абал мурдагы бойдон калып, чечилчү маселелер кала берүүдө.

Тажикстан менен чек аралаш аймактардагы абалды жөнгөрүүгө Баткен облусу менен Согди облусунун жергиликтүү бийликтеринин биргелешкен аракети түрткү болууда. Эки элдин катышуусу менен ар түрдүү иш-чаралар тынымсыз уюштурулушу натыйжасын берип жатканын, мындан ары да чек арадагы абалга башкы маселе катары мамиле жасалаарын Саитжан Эратов кошумчалады. (JsA/RK)

XS
SM
MD
LG