Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:46

Чек арага бюджеттен 40% гана каражат бөлүнөт


Бюджеттен Чек ара аскер кызматына зарыл болгон каражаттын 40 пайызы гана бөлүнөт. Бул тууралуу “Азаттыкка” Чек ара кызматынын түндүк аймактык башкармалыгынын башчысы Чолпонбек Буржуев билдирди.

- Мисалы, тамак-ашына жетсе, майына жетпей калат, кийимине жетпей калат. Кышында биз “5 тонна көмүрдүн ордуна 2 тонна эле сатып алалы, бизге каражаттын 40 пайызы эле бөлүндү” дей албайбыз. Көмүрү жок отура албайбыз, эл тоңуп калат.

Чолпонбек Буржуев чек арачылардын иштеген жерлери тоо-таш, элден, эс алуу жайларынан алыс, ар кандай маданий иш-чаралардан оолак болгону да иштөө шартын оорлоштурарын кошумчалады.

Бирок чек арачы бул тармактын алсыз болуп жатышынын себеби бир гана каражатта эместигин мойнуна алды. (AKu)

XS
SM
MD
LG