Бириккен улуттар уюмунун башкы катчысынын Ооганстандагы атайын өкүлү, БУУнун Ооганстандагы миссиясынын башчысы Ян Кубиш бүгүн Бишкекте өлкөнүн жетекчилери менен жолугат.
Ян Кубиш Кыргызстандын президенти, өкмөт башчысы, Жогорку Кеңештин төрагасы, коргоо министри, УКМКнын төрагасы, тышкы иштер министри жана башка жетекчилер менен аймактык коопсуздук маселелерин талкууга аларын тышкы иштер министринин басма сөз катчысы Нуржигит Кадырбеков билдирди.
- Андан сырткары 2014-жылы Ооганстандан эл аралык аскер күчтөрү чыгарылып кеткенден кийин аймактагы коопсуздук кандай болорун талкуулашат.
“Манас” базасы 2001-жылы АКШнын Терроризмге каршы аскердик базасы катары түзүлгөн. Ал 2009-жылдан бери “Манас” жүк ташуучу транзиттик борбору болуп иштеп келатат, Кыргызстан менен келишим 2014-жылы июнда бүтөт. (AKu)