Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:36

Парламентте коалиция түзүлгөнү тууралуу расмий жарыяланды


Кыргызстандын парламентинде коалиция түзүлдү. Бул тууралуу бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында расмий жарыяланды.

3-сентябрда Жогорку Кеңеште жаңыдан түзүлүп, жалпы саны 67 депутаттан турган «Ырыс алды – ынтымак» парламенттик көпчүлүктүн Коалициялык келишимине кол коюу аземи болуп өткөн. Келишимге көпчүлүк коалициясына кирген фракция лидерлери - КСДПдан Чыныбай Турсунбеков, «Ата Мекенден» Өмүрбек Текебаев, «Ар-Намыстан» Феликс Кулов кол койгон.

Ошол эле күнү «Республика» фракциясынын депутаттар тобунун атынан Канатбек Исаев, «Ата-Журт» фракциясынын депутаттар тобунун атынан Хажимурат Коркмазов коалиция менен саясий келишимге кол койгон. (RK)

XS
SM
MD
LG